Кыргызстан жол белгилерин дээрлик эки эсе арзан баада өзү жасап жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Россиядан жол белгилерин чыгаруучу 4 миллион сомдук жабдык сатылып алынды. Мунун натыйжасында белгилердин баасы 2 миң 900 сомго түштү, мурда 5 миң сомдон жогорку баада сырттан сатылып алынып турган.
Учурда 3 миңден ашык жол белги чыгарылды, — деп айтылат маалыматта.