Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 медаль тагынды

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Иорданиянын Амман шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Андагы жалпы эсепте кыргызстандык спортчулар 4 күмүш жана 8 коло медаль жеңди.