Бүгүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 4 этап болот. Экинчиси 26-июлга чейин созулса, үчүнчү этап 31-июлда старт алып, 2-августта токтотулат, ал эми соңку төртүнчү этап 7синен 9-августка чейин жүргүзүлөт. Арыздарды жана документтерди “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасына тапшыруу керек.
Кабыл алуу эртең мененки саат 8де башталып, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.