Ошто кышкысын электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Ошто кышкысын электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тармакка ашыра күч келген сааттарда электр энергиясы өчүрүлүп турат.   Жергиликтүү бийлик жарандарды электр кубатын үнөмдүү колдонуп, жылуулук үчүн энергиянын альтернативалык булактарын колдонууга чакырат.

Кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ылайыкташкан жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланат

Кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ылайыкташкан жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланат. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев берди.   Маалыматка ылайык, жашыл энергетика фондуна чакан ГЭСтерди, күн жана шамалдан электрди өндүрүү станцияларын курууга Кочкор жана Айтматов райондорунан 34,5 гектар жер бөлүнүп… Кененирээк…

Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясында спорт корпусу курулууда

Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясынын аймагына спорт корпусунун курулушу башталды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, корпустун имаратынын жалпы аянты 1111,49 чарчы метрди, ал эми жердин аянты 2,3 гектарды түзөт.   Курулуш мектеп аянтынын түштүк-батыш тарабында, мурдагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон. Анда универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн… Кененирээк…

Баткенде 200гө жакын турак жай сел коркунучунан корголууда

Баткенде 200гө жакын турак жай сел коркунучунан корголууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кадамжай районунун Охна айылында сел өтүүчү сайда коргоочу тосмону калыбына келтирүү иши жүрүп жатат.   Бостон, Гүзөр участкасында жүрүп жаткан курулуш иштери 1,5 метр тереңдикти камтыйт. Анын жыйынтыгы менен 180 турак үй, 4… Кененирээк…

Бишкектеги Красный строитель конушу жарыктандырылды

Бишкектеги Красный строитель конушу жарыктандырылды. Мэриядан билдиришкендей, иштер конуштун Үч-Когон, Чоң-Коргон, Гончарный көчөлөрүндө жүргүзүлдү.   Маалыматка ылайык, аталган көчөлөргө кубаттуулугу 100 Вт болгон 42 светодиоддук чырактар орнотулуп, 1400 метрге жакын өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (SIP) тартылды.   Бул багыттагы иштер улантылат.

Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылды

Бишкектеги Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө бир кап ун, 25 кг күрүч, 10 кг вермишель, 3 литр коюлтулган сүт, 3 банка консерваланган азыктар, 3 пачка чай жана 5 литр өсүмдүк майы таратылды.   «Мындан тышкары демөөрчүлөр… Кененирээк…

Россияда кыргызстандык мигрант аялдарга колдоо көрсөткөн кризистик борбор ачылды

Россияда кыргызстандык мигрант аялдарга колдоо көрсөткөн кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Аталган мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигинин алдында ачылган борбор оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга, мигрант кыз-келиндерге колдоо көрсөтөт.   Расмий маалыматка ылайык, чет жакта жүргөн мигранттардын 53 пайызы аялдар. Алар… Кененирээк…

Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды

Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышкандай, аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүнөн кийин мамлекеттик мекемелер, банктар жана мектептер бүгүн жана эртең иштебей турган болду.   Соңку учурда Иранда абанын температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. 1-августта ордо калаа Тегеранда… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр бүгүн алынат

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр бүгүн күндүзгү саат 4ттөн кийин алынат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 6-августка чейин пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда аяктады.   Эске салсак, Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 10 саатка… Кененирээк…