Легендарлуу италиялык дарбазачы Джанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктайт

Легендарлуу италиялык дарбазачы Джанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу голкипер өзү жар салды. Эске салсак, соңку жылдарды  45 жаштагы футболчу италиялык “Парма” клубунда өткөрдү.

 

Ага чейин ал “Ювентус” жана ПСЖ клубдарында ойногон. Жалпысынан өз карьерасында Буффон  29 сыйлыкты багындырды. Ал Италиянын 10 жолку чемпиону жана 2006-жылдын дүйнө чемпиону.