Чүй облусунда быйыл 12 мектеп колдонууга берилет

Чүй облусунда быйыл 12 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Обладминистрациянын маалыматына ылайык, жалпысынан билим берүү мекемелери 3 миң 120 окуучуну камтыйт.

 

Мектептер облустун ар кайсы райондорунда жайгашкан. Алардын алтоосу өлкөнүн ички каражатына салынса, калгандарынын курулушун эл аралык донорлор каржылайт.