Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр алынды.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-августка чейин пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда аяктады.
Эске салсак, Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 10 саатка чейин чектөөлөр киргизилип жаткан. Алдыда туннелдин кире беришин жана айланасын көрктөндүрүү иштери башталат. Бирок жол жабылбайт.