Бишкекте окуучуларга коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп картасын алуу керек

Бишкекте окуучуларга коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп картасын алуу керек. Мэриядан билдиришкендей, балдарга айына 240 сомдук атайын баа менен карталар жеткиликтүү.

 

Аны мектеп администрациясы аркылуу каттатып алса болот. Картанын өзү 50 сом турат.

 

Эске салсак, 20-августтан тарта ордо калаанын автобус, троллейбустарында накталай төлөм кабыл алынбайт. Жол кирени шаар тургундары «Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алышат.