Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат. “Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, “Таза суу” долбоору жергиликтүү бийликтин жана кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен ишке ашууда.

 

Айылда суу чыгаруу үчүн тиешелүү инфраструктура, анын ичинде суу тосуучу мунара, резервуар жана насостор орнотулат.

 

Андан тышкары, ар бир короодо суу эсептегичтер пайда болот.