«Унаа» мекемесинин Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт

«Унаа» мекемесинин Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы бөлүмдө бүгүн кечки саат 5ке чейин электр энергиясы жок болот.   Белгиленгендей, жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Жарандарга сак болуу сунушталат.