«Унаа» мекемесинин Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы бөлүмдө бүгүн кечки саат 5ке чейин электр энергиясы жок болот.
Белгиленгендей, жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.