Имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт

Ленин округу боюнча кайра шайлоодо имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт.

 

БШКдан билдиришкендей, ага ар кандай себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган же ооруканада жаткан жарандар кирет.

 

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого бир күн калганда, тагыраагы, 9-сентябрда болот.