Ордо калаанын Тоголок Молдо көчөсүн бойлой жаңы тротуардын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык уюму жүргүзүүдө.
Белгилеп кетсек, курулуш иштери Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тараптан пландалууда. Учурда Жибек-Жолу проспектисинен «Спартак» стадионуна чейинки аралыкта жумуш жүрүп жатат.