Жиддадан келген алгачкы учак бүгүн Ош аэропортуна конду. “Манас” аба майданынын маалыматына караганда, самолетто 157 жүргүнчү келди.
Белгилеп кетсек, Жидда – Ош – Жидда багыты боюнча каттамдар мындан ары туруктуу аткарылат деп күтүлүүдө.
Учактар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.