Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат

Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат.

 

Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу 20-августтан тарта күчүнө киргенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Документ эки өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын жана Мальдив аралдарынын аймагында 30 күнгө чейин визасыз кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.