Америкалык ырчы Бритни Спирстин күйөөсү Сэм Асгари ажырашкандан кийин андан каржылык колдоо талап кылууда.
29 жаштагы фитнес-машыктыруучу аялынан акчалай жардам алгандан тышкары, ажырашуу процесси менен алектене турган адвокаттардын кызматы үчүн каражат төлөп берүүгө чакырды.
Эске салсак, Спирс Асгариге былтыр июнда баш кошуп, быйыл 16-августта түгөйлөр эки жолго түшкөнү белгилүү болгон.