Милиция 30-августтан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

Кыргызстанда милиция 30-августтан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Эгемендүүлүк күнүн белгилөө, окуу жылынын башталышы жана Ленин районунда депутаттык шайлоону өткөрүүгө байланыштуу.

 

Тартипти камсыз кылуу боюнча ведомство тарабынан иш-чаралар планы бекитилди, ошондой эле башка зарыл чаралар көрүлдү.