Жыл аягына чейин Нарында сегиз мектеп пайдаланууга берилет

Жыл аягына чейин Нарында сегиз мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.   Курулуп жаткан мектептердин экөөсү жаңы окуу жылында каалгасын ачса, калган алтоо жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт.   Буга чейин президент Садыр Жапаров жыл аягына чейин… Кененирээк…

Сүлүктүдө өрттөнүп кеткен жети үй кайра курулат

Сүлүктүдө өрттөнүп кеткен жети үй кайра курулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү мэрия билдирди.   Маалыматка ылайык, үйлөр шаарды өнүктүрүү фондунун жана элдин эсебинен калыбына келтирилет.   Үй-жайы күйүп кеткен жашоочулар азыр туугандарынын үйлөрүндө, айрымдары убактылуу батирлерде жашап жатышат.   Сүлүктүдөгү “барак” тибиндеги жети там 18-августта… Кененирээк…

Чүй облусунда сугат суусун көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду

Чүй облусунда сугат суусун көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аппараттар Кыргызстандын сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан.   Шаймандар суунун бетинде чагылдырылган ультра үн импульстарын чыгарат. Алар импульстардын чагылуу убактысын жазып, андан кийин бул маалымат компьютерге кирет. Система… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми Мальдив өлкөсүнө визасыз бара алат

Кыргызстандыктар эми Мальдив өлкөсүнө визасыз бара алат. Мамлекеттер ортосунда макулдашуу 20-августта күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.   Документ жарандарга аталган өлкөгө визасы жок кирүүгө, чыгууга, транзитке жана өлкө аймагында 30 күн болууга уруксат берет.

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу президент администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында транспорттук каражатты каттоо бөлүмүнө барбастан, унааны сатуу жана сатып алууда банк аркылуу каттап алса болот. Программа бир жылга эсептелген.   Эгер ал… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.   Сапардын алкагында Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерди талкуулады.   Президент чет өлкөлөрдүн башка… Кененирээк…

Лионель Месси дүйнөнүн эң көп наамы бар футболчусу деп аталды

Лионель Месси дүйнөнүн эң көп наамы бар футболчусу деп аталды. Учурда футболчу ойногон “Интер Майами” клубу Лигалар кубогунда “Нэшвиллди” утуп алды. Месси негизги убакытта гол киргизип, жалпы голдордун санын 10го жеткирип, жаңы клубдагы биринчи трофейине ээ болду.   Бул анын жеке карьерасындагы  44-трофей. Муну менен… Кененирээк…

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды. Мэрия маалыматы боюнча, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер үйлөргө 40 сомдон салык төлөшү шарт.   Андан тышкары, Соцфондго 919 сом төгүп, камсыздандыруу полисин алышы керек. Болбосо жеке жактарга… Кененирээк…

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу “Шамбет” каналын реконструкциялоо иши башталды

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу “Шамбет” каналын реконструкциялоо иши башталды.   Министрлер кабинетинин  чечимине ылайык, калыбына келтирүү жумуштарына 15 миллион сом бөлүнгөн.   Учурда долбоордук-сметалык документтер аяктап, каналдын алгачкы жумуштары жасалып жатат. “Шамбет” каналы буга чейин Кара-Суу айылынын 875 гектар жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон… Кененирээк…

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады. Жалпысынан 34 талапкерден арыз түшкөн. БШК 25 адамды каттады. 7 адам ар кандай себептер менен каттоодон өткөн жок.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке Ленин бир мандаттуу округ боюнча шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бүгүн үгүт жүргүзүү кампаниясы старт… Кененирээк…