Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени саатына төлөө системасын киргизүү пландалууда

 

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени саатына төлөө системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы жана башка программалык камсыздоо системасын киргизүү пландалып жатат. Ага ылайык, шаар тургундары коомдук транспортко түшкөн сайын эмес, жарым саатка, бир саатка же бир жарым саатка төлөп, шаарда жүрө алат.

 

Чиновник белгилегендей, учурда бул системаны башка шаарларда ийгиликтүү ишке ашырган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.  Жаңычылдык Бишкекте кийинки жылы киргизилет.