Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу Азаттыкка Жалал-Абад облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жерде жайгашкан пункт 2009-жылдан бери жабык турган.

 

“Бек-Абад” чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өткөрүлөт.

 

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасында жалпысынан 15 өткөрүү пункту бар.