Бишкекте жаңы сквер ачылды

Бишкекте жаңы сквер ачылды. Мэриянын маалыматы боюнча, эс алуу аймагы Анкара көчөсүндө, Алтын-Ордо конушунун кире беришинде жайгашкан. Анын жалпы аянты жарым гектарды түзөт.

 

Ээн турган талаа көрктөндүрүлүп, көчө жарыгы, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.