Ордо калаада эртен, 2-сентябрдан тарта коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүргөн айдоочуларга сайып салынып баштайт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Айыптын суммасы 1 миң сомду түзөт, ал эми бир айдын ичинде төлөнсө – 300 сом. Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер бөлүнүп баштады.
Биринчиси Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаевага чейинки тилкесинде пайда болду.