Парижде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды

Парижде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды. Шаар бийлиги бул кызматтарды көрсөтүп келген 3 миң жеке компания менен келишимди узартуудан баш тартты.

 

Муну менен Франция борбору электросамокаттарга тыюу салган биринчи европалык шаар болуп калды. Эми самокаттар башка шаарларга жана Германия, Польша, Улуу Британия, Израилге жөнөтүлөт.