Бишкекте жана Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 1-сентябрда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалыматына караганда, Чүйдүн бардык райондорундагы отуздай айылда жана Токмок, Кара-Балта шаарларында саат 9дан 17ге чейин оңдоо, техникалык тейлөө, бактарды бутоо иштери жүргүзүлөт.   Ушундай эле себепке байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө,… Кененирээк…

Грета Гервигдин “Барби” тасмасы Варнер Броз студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү тасма деп аталды

Грета Гервигдин “Барби” тасмасы Варнер Броз студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү тасма деп аталды. Ал дүйнөлүк прокатта 1 миллиард 340 миллион доллар чогултту.   Ага чейин 12 жыл бою студиянын лидерлигин “Гарри Поттердин” соңку бөлүгү сактап келген. Финал прокатта 1 миллиард 315 миллион доллар чогулткан болчу.… Кененирээк…

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаанын автотранспорттук ишканасы 200 автобус менен толукталган.   Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ташууга ылайыкталып, видеокөзөмөл камералары менен камсыздалган. Андан тышкары, коомдук транспортто накталай эмес төлөмдү кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотулган.  … Кененирээк…

Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт

Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт. Шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу резервуарлар ишке кирди. Президент администрациядан билдиришкендей, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.   Долбоордун баасы 194 миллион сом. Белгилеп кетсек, Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү… Кененирээк…

Бүгүн Билим күнү

Бүгүн Билим күнү. Кыргызстандын 2 миң  200дөн ашык мектебинде саат 9да салтанаттуу линейка башталат. Андан кийин окуучуларга мугалимдер Мекен темасында ачык сабак өткөрөт.   Толук кандуу окуу процесси болсо 4-сентябрда башталат. Быйыл биринчи класска 160 миңдей бала кабыл алынды. Кабыл алуу электрондук форматта апрелден августтун… Кененирээк…

Бүгүн, 1-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет

Бүгүн, 1-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.   Президенттер видеобайланыш аркылуу Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушун баштоо аземине катышат. Эске салсак, Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет.  … Кененирээк…