“Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды

“Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды. Норвегиялык оюнчудан тышкары бул наамга анан клубдагы өнөктөшү Кевин де Брейне жана учурда америкалык “Интер Майамиде” ойноп жаткан Лионель Месси талапкер болгон.

 

Кошумчалап кетсек, “Манчестер Сити” быйыл 4 турнирде жеңишке жетти – Англия чемпионатында, Англия Кубогунда, Чемпиондор Лигасында жана УЕФА суперкубогунда.