Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр кирет:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Белгилеп кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.