Кыргызстанда турак-жай бир аз жеткиликтүү болуп калды

Кыргызстанда турак-жай бир аз жеткиликтүү болуп калды. Мындай маалымат Улуттук банктын индексинде айтылат.

 

Соңку эсептөөлөргө ылайык, 2022-жылы айына 51 миң 400 сом кирешеси бар үй-бүлө 54 чарчы метрлик эки бөлмөлүү үйгө 9,5 жылдан ашык акча чогултушу керек.

 

Ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 11 жылды түзүп келген. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бул орточо айлыктын өсүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.