“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жалпысынан 3 түйүндө толук жаңылоо иштери пландалган, анын ичинде “Каркыра” дагы бар.

 

Объектилер заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалат. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аталган пунктта тартылган видео тараган. Анда чек арачылар жарандардын чемодандарын өздөрү ачып, текшерип жатканын көрсө болот.