Кыргызстанда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлдү

Кыргызстанда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, мамлекеттик мекеме “Кыргыз Экспорт” деп аталат.   Ал экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн… Кененирээк…

Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат

Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат. Облусту өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция эки кабаттуу турак жай салууга тендер жарыялады.   Батирлер Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн салынат.   Тендердин пландалган суммасы дээрлик 20 миллион сомду түзөт.

Баткенде үч эм төрөлдү

Баткенде үч эм төрөлдү. Ымыркайларды Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева жарык дүйнөгө алып келгенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Наристелердин үчөө тең кыз, аларга Рабия, Алия жана Асия деп ысым ыйгарылды. Учурда эне-балдардын абалы жакшы, төрөтканадан чыгышкан.   Гүлжамал Каратаева буга чейин… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 10:00дөн 16:00гө чейин жаңы курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан – Эркин-Тоо көчөсү – Ы.Абдрахманов көчөсү – Восточный көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле № 27, №58 бала бакчасларында суу болбойт.   Суу шаардык суу… Кененирээк…

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскарды

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскарды. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.   Мындай чара аталган мекеменин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатын көздөй турганы белгиленди.   Ага ылайык, Экономика жана соода министрлигинин орун басарларынын саны сегизден төрткө кыскарды.

Жыл башынан бери дээрлик 3 млрд сомго чарба техникасы лизингге берилди

Быйыл 2,9 млрд сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен 250 трактор, 15 комбайн, 4 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 90 айыл чарба машиналары, 449 атайын жана 2 унаа каражаттары берилген.   Ал… Кененирээк…

Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу аяктап калды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу аяктап калды.   Шаардык мэриядан билдиришкендей, имарат 2 кабаттуу, 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты 1889,3 чарчы метрди түзөт.   Учурда ички жасалгалоо жана айланасын түздөө, көрктөндүрүү, балдар аянтчасын куруу, фасад иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандагы 38 ишкана Өзбекстандын бирдиктүү реестрине катталды

Кыргызстандагы 38 ишкана Өзбекстандын бирдиктүү реестрине катталды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул экспорттук потенциалды жогорулатуу максатын көздөйт.   Ишканалардын арасында сүт, балык, эт жана эт азыктарын кайра иштетүүчүлөр менен тамак-аш азыктарын кайра иштеткендер бар.

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 38 пайызга жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.   Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, бирок 500… Кененирээк…