Бишкекте алдыдагы ишембиде футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалы өтөт.
Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат. Башкы кубок үчүн азыркы чемпион “Абдыш-Ата” менен премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” топ талашат.
Белгилеп кетсек, бул өлкөнүн 32-чи кубогу. Ал эми “Абдыш-Ата” анын беш жолку ээси болуп саналат.