Бүгүнтөн тарта транспорт каражатын онлайн каттоо башталды

Бүгүнтөн тарта транспорт каражатын онлайн түрдө кайра каттоо башталып, сынамык долбоор ишке кирди.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Онлайн кайра каттоо үчүн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө машинени фото-видео кароодон өткөрүү керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат.

 

Ээсинде айып жок болсо жана транспорт камакка алынбаса, унааны онлайн сатууга мүмкүн болот. Пилоттук долбоор бир жылга созулат, эгер ийгиликтүү болсо онлайн кайра каттоо андан ары дагы колдонулат.