Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

 

Жаңыланган рейтинг Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Анда кыргызстандык балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.