Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Спорттук иш-чара Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

 

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан. Экинчи беттешинде нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

 

Жарым финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келет.