Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун расмий жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Эске салсак, аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,14% добуш менен алдыга чыккан.