Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот

Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот. Чандеки айылында жайгашкан окуу имараты 150 окуучуга чакталат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен дээрлик  74 миллион сом бөлүнгөн.   Мектеп колдонууга 2024-жылы берилет деп пландалууда. Белгилеп кетсек, буга чейинки мектеп имараты 67 жыл мурда ашар жолу менен салынып, авариялык абалга келген.

Кара-Балта шаарында фармацевтикалык заводдун курулушу башталды

Кара-Балта шаарында фармацевтикалык заводдун курулушу башталды. 14 гектар аянтты ээлеген ишкана Кыргызстан жана Кытай ортосундагы келишимдин негизинде курулат.   Долбоордун жалпы баасы 33 миллион долларды түзөт. Завод 2024-жылдын июль айында ишке кирип, биринчи дары-дармек өндүрүү линиясы кое берилет. Аны ишке киргизүү боюнча жалпысынан 3 этап… Кененирээк…

Бишкектеги жол түйүндөрүн курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат

Бишкектеги жол түйүндөрүн курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат. Анын 1,5 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, 3 миллиарддан ашыгын Кытай тартуулайт.   Мындай маалымат ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында камтылат. Белгилеп кетсек, жол түйүндөрүн куруу 3 этап менен ишке… Кененирээк…

23-сентябрда Кытайда XIX Азия оюндары старт алат

23-сентябрда Кытайда XIX Азия оюндары старт алат. Мелдештер 8-октябрга чейин созулат. Программага спорттун 40 түрү жана 500дөй ар кандай иш-чара киргизилген.   Азия оюндарына 12 миң спортчу катышат, анын ичинде Кыргызстан өкүлдөрү дагы бар. Биздин команда 180 спортчудан турат. Алар спорттун 26 түрүнөн күч сынашат.… Кененирээк…

Майыптыгы бар балдардын ата-энелери үчүн атайын окуу уюштурулат

Майыптыгы бар балдардын ата-энелери үчүн атайын окуу уюштурулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, адистер  540 ата-энени психологиялык-педагогикалык жактан түшүнүгүн, билимин өркүндөтүп, дареметин ачууга, бекемдөөгө жардам беришет.   Социалдык маанилүү долбоорлорго республикалык бюджеттен 48 миллион сом каралууда, — дешти ведомстводон. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда майыптыгы… Кененирээк…

Кыргызстанда айрылып калган же техникалык талаптарга жооп бербеген желек, гербди колдонуу үчүн айып салуу сунушталды

Кыргызстанда айрылып калган же техникалык талаптарга жооп бербеген желек, гербди колдонуу үчүн айып салуу сунушталды.   Экономика министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, административдик айыптын өлчөмү физикалык жактарга 3 миң сомду, юридикалык жактарга 13 миң сомду түзөт.   Чиновник белгилегендей, мамлекеттик символиканы даярдоо жана колдонуу… Кененирээк…

Бишкекте Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду

Бишкекте тилчи-окумуштуу Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди. Юдахин кыргыз тил билимин жана орус-кыргыз маданий диалогун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн «орус кыргызы» деп айтылып калган. Юдахин — көрүнүктүү лингвист, профессор, академик, кыргыз-орус жана орус-кыргыз фундаменталдык сөздүктөрдүн автору. Юдахиндин портрети… Кененирээк…

Бекназ Алмазбеков «Галатасарай» клубунун негизги курамына кирди

Бул тууралуу 18-сентябрда «Галатасарай» футбол клубу расмий билдирүү таратты. Анда кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков клуб менен үч жылдык келишимге кол койгону айтылат.   18 жаштагы Алмазбеков ушул жылдын февраль айынан баштап «Галатасарай» клубунун негизги курамында машыга баштаган. 2019-жылдан бери клубдун жаштар командасына ойноп жүргөн. Буга… Кененирээк…