Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Оңдоодон соң, узундугу 1 миң 500, туурасы 6 метрди түзгөн альтернативдүү жол Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде пайда болот.
Белгиленгендей, жумуштарды 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.