Кыргызстанда буудайдын тартыштыгы жок

Кыргызстанда буудайдын тартыштыгы жок. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргендей, баанын өсүшү Казакстандан келген унга гана тиешелүү болууда.

 

Ал эми мунун себеби коңшу мамлекеттен дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгынына байланыштуу.

 

Жалпысынан, Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстанда эң керектүү азыктар жетиштүү жана бийлик азык-түлүк коопсуздугун кеминде беш айга камсыздай алат.