Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты

Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, биринчи жарым жылдыкта алуучулардын саны 350 миңге жакын адамды түздү. Берилген каражаттын көлөмү 24 миллиард сомго жакын болду.   Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредит менен камсыздалгандардын саны 17 пайызга, ал эми берилген насыянын… Кененирээк…

Россия тыяюу салган күйүүчү майдын экспорту ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешелүү эмес

Россия тыюу салган күйүүчү майдын экспорту ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешелүү эмес. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтү кол койгон жарлыкта айтылат.   Муну менен Кыргызстанга товар жеткирүү мурдагыдай эле ишке аша берет.

Бишкек мэриясы социалдык объектилерди тейлеген буу казандарды газга өткөрдү

Бишкек мэриясы социалдык объектилерди тейлеген буу казандарды газга өткөрдү. Бул тууралуу калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, жалпысынан буу казандарды модернизациялоого муниципалитет   47 миллион сом жумшады.   Газга өткөрүү – бул Бишкекти кышкысын каптаган ыш маселесин чечүүгө багытталган иштердин бири, — деди мэр.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлдү

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Улуттук курама 208 команданын ичинен 96-орунга жайгашты.   Буга чейин “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан. Ал эми тизменин башында Аргентина, Франция жана Бразилия курамалары турат. Азия Футбол Конфедерациясы зонасында… Кененирээк…

Аялдын кулак-мурдун кескен эркекке өкүм чыгарган судья боюнча иликтөө жүрөт

Жогорку сот Бишкектин жака-белиндеги Селекционное айылында мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген кишиге эмне үчүн былтыр пробациялык мөөнөт берилгенин түшүндүрдү. Маалымат кызматы билдиргендей, Фемида өкүлдөрүнүн төрагасы Замирбек Базарбеков 36 жаштагы Аселдин иши боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн. Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрындагы токтому менен А.Э. аттуу… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун сайтында маалымдалат. Эске салсак, Тыныбекова кечээ Белградда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону деп аталды.   Андан тышкары, спортчу өзүнө 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо… Кененирээк…

Бишкекте 50 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Бишкекте 50 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Бул тууралуу  мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, парковка алдына 49 жер тилкеси аныкталды.   Мэрия бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында иштөөнү пландап жатат. Унаа токтотуу жайларды курууга кызыктар ишкерлерге жер тилкелери сынаксыз берилет, — деди… Кененирээк…

Кыргызстанда буудай жетишсиздиги жок

Кыргызстанда буудай жетишсиздиги жок. Буга Айыл чарба министрлигинен ишендиришүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, дандын баасын турукташтыруу максатында бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.   Алсак, бүгүнтөн тарта Материалдык резервдер фондунан 40 миң тонна буудай запастан чыгарылат. Андан тышкары, жер-жерлерде өндүрүүчүлөрдүн баасында ун сатуу боюнча жарманкелер уюштурулду.   Белгилеп… Кененирээк…

Кытайда жаңы тренд пайда болду

Кытайда жаңы тренд пайда болду. Аялдар ичине жасалма киндиктерди чапташууда.   Наклейкалар чыныгы киндиктен бир нече сантиментр өйдө чапталат. Муну менен дене кыскараак, ал эми буттар узунураак болгон визуалдык эффект жаралат.   Кызыгы, бул трендке суроо талап чоң болуп, өндүрүүчүлөр тынбай иштеп жатат. Айрым интернет… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда ФАП куруу иштери жүрүүдө

Бишкектин Свердлов районундагы Ак-Бата конушунда фельдшердик амбулаторияны (ФАП) куруу иштери жүрүп жатат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, амбулаториянын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзүп, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайды камсыздайт. Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков курулуштун сапатынын бардык зарыл стандарттар менен… Кененирээк…