Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди бузуу уланууда

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди бузуу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 2 капиталдык кире бериш топ, 7 кошумча курулуш, 2 жеңил объект демонтаждалды.

 

Ошондой эле 65 жарнама конструкциясы алынып, көрнөк-жарнак конструкцияларын орнотуу жана муниципалдык жерди уруксатсыз пайдалануу эрежелери бузулгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү.