Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация келди

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация келди. Туризм департаментинен билдиришкендей, алардын арасында блогерлер, массалык маалымат каражаттарынын жана туризм тармагынын өкүлдөрү бар.

 

Алар Кыргызстанга байланыштуу кеңири маалымат кампаниясын өткөрөрү күтүлүүдө. Негизги концепция Кыргызстанды эмираттарда жана Перс булуңундагы өлкөлөрдө туристтик жай катары таанытуу болуп саналат.