Сербия: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы командалык эсепте 8-орунду ээледи

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта 8-орунду ээледи. Командалык эсепте 56 өлкөнүн ичинен биринчи сапка Япония курамасы жайгашты. АКШ курамасы экинчи орунду ээлесе, Монголия командалык эсепте үчүнчү орунду багындырды.

 

Сербиянын Белград шаарында 16-сентябрда башталган Дүйнө чемпионаты 24-сентябрда жыйынтыкталат. Аталган мелдеште кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыса, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. Муну менен балбандар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо алышты.