Кыргызстанда зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштелип чыгат

Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган.

 

Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.