Бишкектеги тротуарларды оңдоо иштери 10-октябрга чейин аяктайт

Бишкектеги тротуарларды оңдоо иштери 10-октябрга чейин аяктайт. Калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, узундугу 53 чакырымдан ашкан жалпысынан 42 участок оңдолот.

 

Мэр айрым учурларда иш боюнча кечигүүлөр болуп жатканын айтып, мунун себеби кээ бир участоктордо капиталдык курулуштар бар экенине байланыштуу деди.