Эквадор Кыргызстандыктарга визалык режим киргизди

Эквадор ушул жылдын 29-августунан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режим киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Мекеме буга байланыштуу жарандарды Эквадорго сапарларын уюштурууну алдын ала пландаштырууну суранат.