Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына өттү.

 

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде жеңди, андан соң Шаршенбеков грузиялык Придон Абуладзеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 45 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

 

Эске салсак, аталган мелдеште 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо ойнотулууда.

 

Кошумчаласак, буга чейин Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов Олимпиадага лицензия алган. Дүйнө чемпионатында Медет кызы күмүш медаль багындарса, Тыныбекова алтын байгеге ээ болду. Ал эми Акжол Махмудов бүгүн финалда азербайжандык балбан менен алтын үчүн күрөшөт.