Раззак Бейшекеев Азия оюндарында коло медалга татыды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды. Ал 4/1 финалдан тарта катышып, 67 кг салмак ченинде күч сынашты.

 

Бейшекеев алгач япониялык Кацуаки Эндо менен кез келип, 1:5 эсебинде утулуп калган. Япониялык спортчу финалга жолдомо алгандыктан, Раззак Бейшекеев жубатуучу беттешке чыгып, анда ал тажик спортчусун жеңип, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло үчүн беттеште Бейшекеев өзбекстандык балбанды артта калтырып, медаль тагынды.

 

Эске салсак, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. 45 өлкөнүн катышуусунда уюштурулган оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган иш-чара 8-октябрда жыйынтыкталат.