Кыргызстанда 260 миң гектардан ашык жайыт жараксыз абалда

Кыргызстанда 260 миң гектардан ашык жайыт жараксыз абалда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.   Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 9 млн 34 миң гектар жайыт бар. Анын 45 пайызы тоо-таштар болсо, калганы мал жайганга жарай турган жерлер. Ошонун ичинде 264 миң… Кененирээк…

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары, откана куруу иштери уланууда.   Мектепке чейинки мекеме эки кабаттан турат.

Өкмөт мектептерде акча чогултууга тыюу салды

Өкмөт мектептерде акча чогултууга тыюу салды. Тиешелүү токтомго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде каражат топтоого болбойт. Документте мыйзамсыз акча чогултууга жол бергендер жоопкерчиликке тартылары эскертилген.   Ал эми мамлекеттик билим берүүчү жайларды оңдоо, кайтаруу жана керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн чыгымдарды толук жабууга… Кененирээк…

Ош: бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан нан жабууга өттү

Ош шаарындагы бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан нан жабууга өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында 200гө жакын наабайкана бар жана алар Кыргызстандын унунан тандырга нан жаап жатышат. Белгиленгендей, жергиликтүү ундун курамы пайдалуу азыктар менен байытылган.… Кененирээк…

Амстердамда унааларга саатына 30 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат

Амстердамда унааларга саатына 30 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат. Жаңы эрежелер кышында киргизилип, жолдордун дээрлик 80 пайызына тиешелүү болот.   Айрым тилкелерде ылдамдык режимин коомдук транспорт дагы сактап жүрүшү керек. Мындай чара менен жергиликтүү бийлик жол кырсыктарынын санын азайтуу ниетинде.

Владимир Путин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 12-октябрда Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, эки мамлекеттин башчылары талкуулай турган маанилүү маселелердин бири — өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан… Кененирээк…

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомдой каржылык бузуу табылды

Эсептөө палатасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталган мекеме аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгындагы (төрт жыл) бюджетинин сарпталышын текшерген. «Анда бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом; мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом; эсеп… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыгышты

Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыгышты. 77 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Махмудов Камбоджа, Казакстандан келген атаандаштарын утуп, эми алтын медаль үчүн ирандык балбан менен күрөшөт.   Ал эми Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, финалда Япониядан келген Аят Сузуки менен казакстандык… Кененирээк…

Ошто 8 жаңы санариптик аялдаманын курулушу аяктады

Ошто 8 жаңы санариптик аялдаманын курулушу аяктады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, аялдамаларда санарип технологиялары киргизилип, шаардын онлайн-картасы жана жана коомдук транспорт кыймылынын каттамы менен LED-экрандар орнотулган.   Жалпысынан Ошто мындай 16 аялдама пайда болот деп пландалууда.

Эртең, 5-октябрда Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилейт

Эртең, 5-октябрда Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилейт. Биздин өлкөдө окутуучу кесибин басымдуу учурда кыз-келиндер аркалайт.   Жалпы мугалимдердин 84 пайызын аялдар түзөт, анын 28 пайызы билим берүү мекемелеринин директору, орун басарлары болуп эмгектенет.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан Кыргызстанда 82 миң мугалим бар,… Кененирээк…