«Кыргыз темир жолу» Казакстан аркылуу күйүүчү май ташуу токтотулганын четке какты

«Кыргыз темир жолу» Казакстан аркылуу күйүүчү май ташуу токтотулганын четке какты.

 

Аталган ишканадан билдиришкендей, Астанада “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев менен “Казакстан темир жолы” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жолугуп, жүк ташуу маселесин талкуулашты. Анда тараптар октябрга карата Кыргызстанга 144 миң тонна көлөмүндөгү мунайзат жеткирүүнү макулдашты. Учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргызстанга келе жатканы кабарланды.

 

Буга чейин Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Россиядан ташылган күйүүчү майды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун айтып чыккан.