Талас облусунун Талас – Нылды – Покровка унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
План боюнча асфальт унаа жолдун үч чакырым аралыгына төшөлөт, бүгүнкү күндө жолдун 500 метрге жакын тилкесинде иштер бүттү.