Кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги «Blonder pub» эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.

 

Анын алкагында Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды.